Чүй облустук милициясынан кечээ, 13-июлда Сокулук районунда эл ташыган автобустун айдоочу сабалганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
Маалымдалгандай, анда Кожомкул айылынын Комсомольская көчөсүндө 39 жаштагы жаранды белгисиз бирөөлөр сабап салганы тууралуу айтылган. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Учурда керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. Тергөө иштери да уланууда.
Буга чейин социалдык тармактарда Сокулукта №9 автобустун айдоочусун үч жүргүнчү сабап салганы айтылган видео тараган.