Жогорку Кеңеш: "Равшан Жээнбековдун "парламентте мыйзамдардын баары АКШнын акчасына жазылат" деген сөзү калп"

Жогорку Кеңеште бардык документ иштерин электрондук формага өткөрүү процесси аяктаганы калды. Муну бүгүн, 4-августта парламенттин маалымат кызматы кабарлап, депутат Равшан Жээнбековдун "Парламентте мыйзамдардын 100 пайызы АКШнын акчасына жазылат. Биз ал тургай өзүбүзгө кагаз сатып ала албайбыз" деген сөзүн четке какты. "Депутаттын мындай сөзү, жумшак айтканда, чындыкка жатпайт. Жогорку Кеңеш башка мамлекеттик органдардай эле эл аралык уюмдар менен кызматташат, мунун ичинде парламенттик угууларды жана тегерек столдорду өткөрүүгө техникалык көмөк көрсөткөн АКШнын программалары да бар. Бирок бул Жогорку Кеңеште бардык мыйзамдар АКШнын акчасына жазылат деген сөз эмес",- деп айтылат маалыматта. 
Жогорку Кеңештин канцеляриялык товарларына республикалык бюджеттен жыл сайын акча бөлүнөрү кошумчаланат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан