Баткендеги кыргыз-тажик урушу боюнча түзүлгөн комиссия окуя болгон жерге учуп кетти

Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалына байланыштуу өкмөттө бүгүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны өкмөттүк аппараттын Коргоо, укук тартиби жана чукул кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Рыскул Жапаркулов жетектей баштады. Комиссия өкүлдөрү бүгүн, 4-августта Баткен облусуна учуп кетишти. Алар кырдаалды жөнгө салуу жана жарандардын коопсуздугу үчүн тийиштүү аракеттерди көрүүгө тийиш. Өкмөттөн кабарлагандай, азыркы учурда өлкөлөрдүн тийиштүү жетекчилери чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. 
Эскерте кетсек, кечээ Баткенде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда кагылышуу чыккан. Андагы таш ыргытышуудан кыргыз тараптан 5 адам жаракат алып, 7 үй, 1 автоунаа талкаланганы айтылган. Жергиликтүү тургундардын SUPER.KG`ге маалымдашынча, аймакта кырдаал курч бойдон турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан