Балыкчы шаарына жаңы мэр дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Балыкчы шаарынын мэри болуп Баатырбек Жантаев дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы кабарлады.

Белгилей өтсөк, буга чейин аталган кызматты Султан Кермалиев жетектеп келген. Ал аталган кызматка июль айынын башында дайындалган болчу. Көп өтпөй анын жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта талкуу жараткан. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров мэр Керималиев тууралуу пикирин билдирген.

Кийинчерээк Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөнү да маалымдалган.

Кермалиев бүгүн, 14-июлда кызматтан алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан