Бишкекке Түркмөнстандын президенти келди

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 5-августта Бишкекке келди. "Манас" Эл аралык аэропортунда Бердымухамедов менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин расмий жолугушуу аземи өткөнүн президенттик аппараттан кабарлашты. Эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлүп, ардактуу караул тизилип, өлкөлөрдүн гимни жаңырды. Расмий иш-чарадан кийин президенттер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына кетишти.
Түркмөнстандын президенти Г.Бердымухамедов Алмазбек Атамбаев менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жыйынтыгында кыргыз-түркмөн кызматташтыгына тийиштүү бир катар документтерге кол коюлары күтүлүп жатат.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан