Баткендеги кырдаал боюнча өкмөттө чукул жыйын өттү

Бүгүн, 5-августта өкмөттө кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы кырдаал боюнча чукул жыйын өттү. Жыйынга коопсуздук, чек ара, укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевдин айтымында, учурда аймакта абал тынч, кырдаал көзөмөлдө. Мамлекеттик органдар жеринде элге түшүндүрүү жана башка тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

Премьер-министр Темир Сариев кыргыз-тажик жаңжалы боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн жана учурда окуя болгон жерде иштеп жатканын маалымдады. Аталган жумушчу топ бүгүн Тажикстанда түзүлгөн жумушчу топ менен жолугушуу өткөрүп, кырдаалды жөнгө салуу жана чек арада чырга себеп болгон маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Премьер-министр коопсуздук өкмөттүн башкы милдети экенин, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан