Кыргыз-казак чек арасындагы бажы постторунун ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу 5-августта
SUPER.KG'ге өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
Назира Ахмедова кабарлады.
"Бажы постторунун расмий ачылышы 6-августта же 7-августта болот. Биз азырынча тактап жатабыз, толук маалымат 2-3 сааттан соң берилет",- деди ал.
Айта кетсек, кечээ Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгону кабарланган. Буга чейин аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары Владимир Путин, Александр Лукашенко жана Серж Саргсян кол койгон.