Бүгүн, 14-июлда Өзбекстандын Бухара облусунда магнитудасы 4,2ге жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында иш алып барган Республикалык сейсмопрогностикалык мониторинг борбору маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу Жондор районунун аймагында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:55те катталган.
Жер титирөөнүн күчү эпицентрде 4 балл, Пешку районунда 2-3 балл, Газли шаарында 2 балл жана Каракүл районунда 2 баллга жеткен.
Эпицентрдин Ташкентке чейинки аралыгы түштүк-батышты карай 532 чакырымды түзгөн.