Жолугушууда соода-экономикалык, газ-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланды. Алмазбек Атамбаев: "Бул иш сапардан соң кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталат деп үмүттөнөбүз",- деди президент.
Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп баратканын белгиледи. Кыргыз мамлекетинин элине жана Алмазбек Атамбаевге Түркмөнстандын саясий жана экономикалык чөйрөдөгү, ошондой эле коопсуздук жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча демилгелерин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип: "Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз ал мүмкүнчүлүктөрдү арттырабыз",- деген Түркмөнстандын президенти кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстан региондо гана эмес, дүйнөдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөөдө жалпы милдеттери менен максаттары бир экенин айтты.