Түркмөнстандан арзан электр жарыгын алууга тийиштүү бардык маселе чечилерин айтты Алмазбек Атамбаев

Бишкекте бүгүн, 5-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушууда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөлөр ортосундагы энергетикалык кызматташтык тууралуу пикирин айтты. 
"Түркмөнстан кыргыз өлкөсүнө арзан баада электр энергиясын берүүгө даяр" деген боордоштук сөзүңүз үчүн ыраазычылык билдирем. Электр кубатын жеткирүүгө байланышкан бардык маселелерди чечебиз. Биз азыр темир жол куруунун болжолдуу варианты тууралуу да сүйлөштүк. Түркмөнстандан Кытайга газ түтүгүн тартуу ишине катышуу бизге маанилүү. Менимче, алдыбызда абдан чоң иштер турат",- деди Алмазбек Атамбаев. 
Өлкө жетекчиси туризм, маданий кызматташтык тармагында инвестициялык кызматташтык тууралуу оюн билдирип, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө тараптардын көз карашы окшош экенин белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан