Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 5-августта сүйлөшүүлөр аяктаган соң журналисттер үчүн билдирүү жасашты.
Алмазбек Атамбаев жолугушуу жылуу маанайда өткөнүн белгилеп: “Президенттин мамлекеттик иш сапары кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин жаңы этабы экендигин түшүнөбүз”,- деп билдирди.
Мамлекет башчы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 15 документке кол коюлганын айтып, "бул кыргыз-түркмөн мамилелеринин активдешкендигинин далили" деди.
Президент кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын тийиштүү мамлекеттик органдарына Ысык-Көл облусуна беш жылдыздуу мейманкана куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча тапшырма бергендигин да айтты. “Бул биздин сөздөн ишке өткөндүгүбүздүн далили,”- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
Түркмөнстандын президенти кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстан соода-экономикалык, отун-энергетикалык, транспорт жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун тереңдешине кызыкдар экенин белгиледи.