5-августта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин эки тараптуу кыргыз-түркмөн документтерине кол коюу аземи болду.
Эки мамлекет башчысынын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:
- 2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө" келишимдин ратификациялык грамоталары менен алмашуу тууралуу протокол;
- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Түркмөнстандын министрлер кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык өндүрүш министрлигинин ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- КРнын Улуттук илимдер академиясы менен Түркмөнстандын Илимдер академиясынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу тууралуу макулдашуу;
- КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2016-2017-жылдарга кызматташуу программасы;
- КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2016-2017-жылдарга маданият жаатында кызматташуу жөнүндө иш-чаралар планын бекитүү тууралуу протокол;
- КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Түркмөнстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- КРнын Ысык-Көл облусунун жана Түркмөнстандын Балкан велаятынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;
- КРнын Баткен облусунун жана Түркмөнстандын Ахал велаятынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;
- КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги менен Түркмөнстандын Мамлекеттик агенттигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу планы;
Аземдин жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.