Бүгүн кыргыз-казак бажы посттору ачылат

Бүгүн, 6-августта кыргыз-казак чек арасындагы бажы посттору ачылат. SUPER.KG'ге өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедованын билдиришинче, эки өлкө ортосундагы бажы постторунун расмий ачылышы саат 10:00дө болот. 
Айта кетсек, кечээ Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгону кабарланган. Буга чейин аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары Владимир Путин, Александр Лукашенко жана Серж Саргсян кол койгон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан