Кыргыз-казак чек арасындагы бажы постторунун ачылышы кийинки жумага жылдырылды. Бул тууралуу 6-августта
SUPER.KG'ге өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова кабарлады. "Биринчиден, "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши жөнүндө" келишимди Казакстан ратификациялаганы боюнча нотаны Евразиялык экономикалык комиссиясы каттоодон өткөрүшү керек. Комиссия каттоодон өткөргөн соң, бул боюнча нотаны кыргыз өкмөтүнө жиберет. Экинчиден, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргыз Республикасына келиши күтүлүүдө. Бажы постторун казак президенти менен президент Алмазбек Атамбаев биргеликте ачмакчы. Кыргыз-казак чек арасы 10-11-августта ачылышы мүмкүн",- деди Ахмедова. Айта кетсек, бажы постторунун расмий ачылышы бүгүн саат 10:00дө боло турганын өкмөттүк аппараттан билдиришкен эле.