Бүгүн, 6-августта Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кыргыз жерине болгон расмий иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн кызматташтыгын талкууга алышты. Жыйынтыгында 15 документке кол коюлду.
Мындан сырткары эки өлкөнүн башчылары "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этишти. Бүгүн Гурбангулы Бердымухамедов өз өлкөсүнө жөнөп кетти.