Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги Кытай Эл Республикасынын Салык кызматынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу 6-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдаралиева КРнын салык системи жана колдонуудагы салык мыйзамдары менен кытайлык конокторду тааныштырып, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жакынкы жылдарга карата милдеттери тууралуу айтып берди.
Кытайлык делегациянын башчысы өз кезегинде Кытайдагы Салык кызматынын реформаланышы жана өнүктүрүү тажрыйбалары менен тааныштырып, салыктык тескеп-башкаруу ыкмасы жана өлкөдөгү негизги салыктар тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун катышуучулары мындан тышкары президент А.Атамбаевдин 2014-жылдын 18-майындагы Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын жана Кытай Мамлекеттик салык администрациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө ведомстволор аралык меморандумдун алкагындагы кызматташууну чыңдоо жана андан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.