Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 6-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын башкаруу жана административдик ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу, унификациялоо.
Мыйзамдын жоболору менен коомдук-укуктук мүнөздөгү административдик ишмердүүлүктүн негиздери аныкталат, административдик органдар менен жеке, юридикалык тараптардын административдик жол-жоболорду ишке ашыруудагы укуктук мамилелери жөнгө салынат, административдик органдардын административдик актысына, аракетине жана аракетсиздигине даттануунун, административдик актыны аткаруунун, административдик чыгымдарды өндүрүп алуунун, административдик жол-жоболордон улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартиби аныкталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.