Өкмөт башчы Темир Сариев Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Каракол шаарындагы “Жылуулук” ишканасынын курулуп жаткан имараты жана оңдоодон өткөрүлүп жаткан көчөлөрдүн курулушу менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планын талкуулайт.
Ошондой эле Түп районундагы эл аралык маанидеги Түп-Кеген жолунун курулушунан кабар алып, Чолпон-Ата шаарындагы биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тестирлөө ишине күбө болот.