Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинде каралган тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын коддорун Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коддоруна шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан