Президент Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-августта өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ата мекендик кичи жана орто ишкердүүлүктүн субъектилерине Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жеткиликтүү акча каражатын берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Нурсулуу Ахметова КРнын мамлекеттик жана коммерциялык банктары аркылуу кичи жана орто бизнести максаттуу каржылоо программасы ишкердүүлүктү натыйжалуу колдоонун бир жолу экендигин белгиледи. Ата мекендик бизнестин географиялык жана сандык жактан камтылышын эске алганда, мындай колдоо комплекстүү натыйжа берет.  

Анын айтымында, кичи жана орто бизнести каржылоо программасынын биринчи этабы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктары аркылуу ишке ашат, келечекте фонд башка коммерциялык банктар менен кызматташууну да пландаштырууда. Фонд ошондой эле бизнес-долбоорлордун экономикалык натыйжалуулугуна жана фонддун максат-милдеттерине ылайык келүүсүнө карап, өлкөнүн ишкер чөйрөсүнө АКШнын доллары менен 6 пайыздан 9 пайызга чейинки коюм менен түз каржылоону да караштырууда. 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында өлкөнүн кичи жана орто бизнесин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы ишкерлерге фонддун алкагында улуттук валюта менен 12 пайызга чейин, ал эми АКШ доллары менен 7 пайызга чейинки коюм менен насыя берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан