Алматыда ушул жылдын март айында аэропортто аялды барымтага алган Машрапбек Баратовго өкүм чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Сот Машрапбек Баратовду 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.
Эске салсак, 7-мартта Алматы аэропортунда эркек киши кызматкер аялды чачынан кармап, ага бычак менен коркутуп кол салган. Ошондой эле сумкасында бомба бар экенин жана аны жардырып жибериши мүмкүн экенин айткан. Бир нече мүнөттүн ичинде ал куралсыздандырылган.
Кийинчерээк шектүүнү кармоо учуру тартылган видео жарыяланган. Бул факт боюнча полиция кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.
Кийин шектүү 2 айга камакка алынган. 7-апрелде Алматыда бул иш боюнча алдын ала соттук угуу башталган. Сот иши Турксиб райондук сотунда өткөн.