Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 8-августта Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Жаңы Аба кодексинин максаты – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагын жөнгө салуучу
ченемдик-укуктук актыларды Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана тажрыйбасына шайкеш келтирүү үчүн жакшыртуу.

Аба кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан