ЕАЭБдин аймагында мигранттар үчүн кыйла жеңилдетилген шарттар түзүлөт (тизме)

"Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө" келишимге ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартибин жеңилдеткен шарттар түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта маалымат жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев билдирди.
Анын айтымында, мигранттар үчүн 10 негизги жеңилдик күтүлөт. Алар: 
1. Эмгекчи-мигранттарды тартуу ишмердиги иш берүүчү тарабынан улуттук эмгек базарын коргоо боюнча чектөөнү (квотаны) эске албастан ишке ашырылат;
2. Эмгекчи-мигранттар эмгектенүү үчүн уруксат албастан туруп ЕАЭБдин аймагында ишке орношо алышат;
3. Эмгекчи-мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жүрүү мөөнөтү иш берүүчү менен түзгөн колдонуудагы эмгек келишиминин мөөнөтү боюнча аныкталат;
4. Эмгекчи-мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөгө кирген күндөн тартып 30 сутка ичинде ыйгарым укуктуу органдарында каттоого туруудан (турган жери боюнча эсепке коюудан) бошотулат;
5. Эмгекчи-мигрант өлкөгө кирген күндөн 90 сутка өткөндөн кийин эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулса, ал 15 күндүн аралыгында жаңы эмгек келишимин түзүүгө, ошол эле учурда башка иш берүүчү менен мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө укуктуу;
6. КРнын билим берүү мекемелери тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтер таануу жол-жобосун (нострификация) жүргүзбөстөн таанылат (педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевттик билим тууралуу документтерден тышкары);
7. Эмгекчинин эмгек стажы, ишке орноштурган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык пенсиялык камсыз кылууну кошпогондо, социалдык камсыз кылуу максатында анын жалпы эмгек стажысына киргизилет. Пенсиялык камсыз кылуу мүчө мамлекеттердин ортосундагы өзүнчө эл аралык келишимдердин негизинде жөнгө салынат (азыркы учурда мындай өзүнчө келишим жок, бирок маселе талкууланып жатат);
8. Жумушчу ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей деңгээлде профсоюздарга кирүүгө укуктуу;
9. Ишке орноштурган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, жумушчулар менен чогуу жашаган балдары мектепке чейинки мекемелерге барууга, билим алууга укуктуу;
10. ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттери жумушчуларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык тез жардамды, өздөрүнүн жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруу полисинин бар же жок экендигине карабастан пайдалануу укугун берет. Калган учурларда иш берүүчү тарабынан же өз алдынча таризделген медициналык камсыздандыруу полиси болушу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан