УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк комплекстерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Араван районундагы 2,57 гектар болгон консерва заводун мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда аталган мекемеден билдиришти.
Ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 2004-жылы консерва заводунун жер тилкеси муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган, алар андан ары жер тилкесин бөлүү аркылуу категориясын өзгөртпөстөн жеке адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн.
Мындан улам 4-июлда соттун чечими менен консерва заводунун мүлк комплекси жеке менчикке өткөндүгү тууралуу токтом жараксыз деп табылып, мамлекеттин балансына кайтарылды.