Бүгүн, 11-августта Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясы Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевге карата жазык ишти ачык отурумда карады. Жогорку Соттон билдиришкендей, сот жыйынында Түлеевдин экинчи жактоочусу сотко өтүнүч келтирди. Адвокат Түлеевди жарандык иштери боюнча жактагандыгын, жазык иши боюнча негизги жактоочусу Нина Зотова экенин, бирок ал ден соолугуна байланыштуу келе албаганын билдирди. "Буга байланыштуу соттук отурумду жылдырып берүү өтүнүчү айтылды. Соттук коллегия жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, кийинки сот отурумун ушул жылдын 18-августуна саат 10:00гө жылдырды",- деп айтылат маалыматта.