Армения өлкөдө көз карандысыз маалымат каражаттарын чыңдоого жана маалымат экосистемасын колдоого жумшоо үчүн Евробиримдиктен 1,5 миллион евро өлчөмүндө каражат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул тууралуу Брюсселде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин жолугушуусунан кийин кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө айтылды.
Мындан тышкары Евробиримдик Арменияны санкцияларга каршы кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул багыттагы коллективдүү аракеттерди улантуу боюнча макулдашты.
Брюсселде Евробиримдик Ереванды «тышкы кийлигишүүлөргө, жалган маалыматтарга жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүүдө» колдоорун жана Армениянын демократиялык реформаларга берилгендигин кубаттай турганын билдирди.
Буга чейин да маалымдалгандай, Евробиримдик Арменияга 270 миллион евро өлчөмүндөгү грант бөлөрүн жарыялаган. Бул каражат туруктуулукту жана экономикалык өсүштү колдоо боюнча Евробиримдиктин кеңири планын ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга багытталат.