Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынын өткөрүү пункттарында күнү-түнү нөөмөт уюштурат

Мамлекеттик салык кызматы 12-августтан тарта кыргыз-казак чек арасынын өткөрүү пункттарында күнү-түнү нөөмөт уюштурууга өтөт. Тийиштүү буйрукка аталган мекеменин жетекчилиги тарабынан кол коюлганы бүгүн, 11-августта белгилүү болду. Бул Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кирүү чегинде кыргыз-казак чек арасындагы бажы постторунун алынып салынганына байланыштуу. 

"Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып эки аптанын ичинде бекитилип берилген 8 автомобилдик өткөрүү пункттарында аймактык салык органдарынын кызматкерлери белгиленген графикке ылайык сутка бою нөөмөткө турушат. Бул аракет салыкчылар тарабынан чек арачылардын жана салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүү үчүн уюштурулду. Атап айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө мамлекеттик чек ара аркылуу автоунаалар менен жүктөрдү ташууну эсепке алуу, ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдөн өткөнү тууралуу талонду толтуруу жана тапшыруу тартиби тууралуу маселелер боюнча",- деп билдирет мекеме.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасы ачылгандан кийин жаңы эреже иштеп баштайт. Ишкерлик менен алектенген уюмдар жана жеке жарандар кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды унаа каражаттары менен ташууда КРнын Чек ара кызматынын түзүмдүк – аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү жөнүндө талонду толтурууга тийиш.

Талонду толтуруунун негизги максаты – КРнын мамлекеттик чек арасынан өткөн датаны ырастоо. Ушул эле учурда жеңил автоунаа, мотоцикл же мопед аркылуу жеке пайдалануучу товарларды алып өткөн жеке жактар талонду толтурууга жана тапшырууга милдеттүү эмес.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан