Өкмөт башчы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана Коргоо министрлигинин өздүк курамынын жаңы аскердик формасынын үлгүлөрү менен таанышты

Бүгүн, 11-августта өкмөт башчы Темир Сариев Коргоо министрлигине караштуу Тиричилик-тейлөө комбинатынын иши менен таанышты. Аталган комбинат өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана Коргоо министрлигинин өздүк курамын аскердик форма менен камсыз кылат.

Сариев комбинатта тигилген жогоруда аталган эки мекеменин өздүк курамынын жаңы аскердик формасынын үлгүлөрү менен таанышып, анда иштегендер менен баарлашты. Темир Сариев, учурда президент жана өкмөт Куралдуу күчтөргө өзгөчө көңүл буруп, аскердик духту көтөрүү жана армиянын коргоо жөндөмдүүлүгүн, материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштиктүү аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. 

Ошондой эле ал аталган комбинаттын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, келечекте аскер кызматкерлеринин формасы менен катар башка күч органдары жана айылдагы турмуш-тиричилик үчүн ыңгайлуу кийим-кечелерди тигүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Комбинат өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоонун алкагында 2013-жылы түзүлгөн. Коргоо министрлигинин Түркия жана Кытай менен аскердик-техникалык кызматташтык долбоорлорунун негизинде тигүү жабдыктары алынып келинип, учурда толук кандуу иштеп жатат. Комбинатта 45тен ашык адам эмгектенип, бир нөөмөттө 120 комплект аскердик форма тигүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан