Бүгүн, 11-августта премьер-министр Темир Сариев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу, комиссиянын интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Татьяна Валоваяны кабыл алды. Жолугушууга вице-премьер-министр Валерий Диль, экономика министри Олег Панкратов, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү (министр) Данил Ибраев жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жараяны жана мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды. Сариев ЕАЭБге кирүү жараянында абдан чоң иштер аткарылганын белгилеп, аталган жараянда көрсөткөн көмөгү үчүн Татьяна Валоваяга ыраазычылык билдирди. Анын жыйынтыгында тиешелүү процедуралар аяктап, 12-августта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы көзөмөлү алынарын кабарлады.
“Биз эртеңден тарта ири биримдиктин курамына киребиз. Бул биз үчүн тарыхый кадам. Мындай окуя бизди абдан чоң иштерди аткарууга милдеттендирет, анткени жарандарыбыз өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусунан көп нерсени күтүп жатышат. Жаңы биримдик жарандарыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жеңилдиктерди камсыздайт”,- деди Сариев.
Ошондой эле ал бул жаатта бир топ иш аткарылса да, Кыргыз Республикасынын экономикасын Евразиялык экономикалык биримдиктин шартына ыңгайлаштыруу боюнча бир катар иштер турганын белгилеп, бул жаатта Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө өлкөлөр жана Евразия экономикалык комиссиясы менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Татьяна Валовая 12-августтан тарта кыргыз өлкөсү ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болорун кабарлады. Ошондой эле Татьяна Валовая бул жараянды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү абдан иштиктүү иш алып барышканын белгилеп, мындан ары кыргыз жери үчүн биримдиктин ичинде жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларын кошумчалады.