Өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынган соң казак жарандары менен жолугушту
Бүгүн, 12-августта өкмөт башчы Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынган соң "Ак-Жол" бажы бекетинде турган 20 чакты Казакстандын жарандары менен жолугушту. Казак аксакалдары кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болгондугу жана эки мамлекеттин ортосундагы бекеттердин алынып салынышы менен кыргыз элин жана Темир Сариевди жылуу куттукташты.