Президент 1916-жылкы Үркүн окуясында курман болгондордун мемориалын “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин аймагында түзүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориал жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Жарлыкта белгиленгендей, 2016-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгын майрамдоого байланыштуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы эң маанилүү тарыхый окуяларды эсибизден чыгарбай түбөлүккө сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ болууда.

Ушул максатта “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси белгилүү бир деңгээлде пайдаланылып жатат. Бул мемориал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө зор салым кошуп, өткөн кылымдын жыйырманчы жана отузунчу жылдары сталиндик режимдин репрессияларынын курмандыктары болгон Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов жана башка көптөгөн инсандар массалык түрдө көмүлгөн жерде 2000-жылы негизделген.

2008-жылы “Ата-Бейитке” чыгармалары менен кыргыз өлкөсүнүн атагын дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов коюлган.

2010-жылы комплекстин аймагына өлкөбүздү кыйроодон сактап, мамлекеттин өнүгүүсүнө кеңири жол ачкан Апрель элдик революциясынын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналып мемориал курулган.

Ушуга байланыштуу мамлекеттүүлүгүбүздү куруудагы башка тарыхый доорлорду да “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде чагылдыруу жүйөлүү болот.

Президенттин жарлыгына ылайык, комплекс кыргыз өлкөсүнүн эркиндиги жана эгемендиги үчүн жанын берген инсандардын жаркын элесине таазим этүүнүн, ошондой эле ар кандай тарыхый доорлордо мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп, аны ишке ашырган элибиздин эрдиги, каармандыгы менен сыймыктана турган жер болушу керек.

Жүз миңдеген адам курман болгон 1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздын урунттуу, бурулуш учуру болуп калды. Улуттук боштондук көтөрүлүшүндө жана андан кийин болгон Үркүндө курман болгондор кыргыз жергесинин мамлекеттүүлүктү түптөөгө умтулуп курман болгон инсандары менен бир катарда турушу керек. Алардын жаркын элесине арналган мемориалды “Ата-Бейиттин” аймагында орнотуу комплексти өнүктүрүүдөгү мыйзам ченемдүү иш болуп калат. Бул мемориал 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ экенин билдирет.

1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине таазим этип, ошондой эле “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин статусун көтөрүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүү доорлорун эсибизден чыгарбай бекем сактоо маселелеринде анын милдеттерин кеңейтүү, тарыхты унутпоо, жарандуулукту жана патриоттуулукту тарбиялоо максатында токтом кылынат:

1. 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин аймагында түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын:

1) төмөнкү чараларды көрүү:

– 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалынын негизги курулмаларын 2016-жылдын августуна чейинки мөөнөткө долбоорлоо жана куруу боюнча;

– 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалынын аймагында эстеликти орнотуу менен 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгон белгисиз мекендешибиздин сөөгүн коюу боюнча;

2) “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекс кылып кайра түзүү маселесин иштеп чыгуу;

3) өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү.

Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчисине жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан