Тбилисиде темир жол вокзалынын жанында беш кабаттуу турак үй урап түштү. Бул тууралуу Грузия ИИМинин Полиция департаментинин директору Важа Сирадзе билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, учурда куткаруу иштери жана тургундарды эвакуациялоо жүрүп жатат.
«Бир нече адам каза болгон болушу мүмкүн. Так маалымат жакын арада берилет», — деди Сирадзе.
Тбилисинин мэри Каха Каладзе билдиргендей, учурда бир адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди. Анын айтымында, бул имарат авариялык абалда болгон жана шаар бийлиги тургундарга башка жактан батир берүүнү бир нече жолу сунуштаган. Бирок мэриянын бул сунушун айрым тургундар четке каккан.