Бишкекте эртең, 14-августта "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга карата бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага каржы министри Адылбек Касымалиев, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Коомдук угууларда «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору жана айрым министрликтердин 2016-жылга бюджеттеринин долбоорлору презентацияланат.