Кыргыз жеринде июлда маянага республикалык бюджеттен 1 миллиард 465 миллион сом жумшалды

2015-жылдын июль айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 7 миллиард 898 миллион 218 миң сомду түздү. Бул тууралуу 13-августта Каржы министрлиги кабарлады. Июлда эмгек акыга 1 миллиард 465 миллион 130 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга 1 миллиард 404 миллион 442 миң сом жумшалганы айтылды. "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси 562 миллион 641 700 сомго, "имараттар жана курулмалар" беренеси 915 миллион 525 100 сомго каржыланды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жумшалды жана мамлекеттик карызды тейлөөгө сарпталды",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан