Салык төлөөчүлөр үчүн ЕАЭБдин талаптары боюнча маалыматтык баракчалар чыгарылды

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн ЕАЭБге киришине байланыштуу салык төлөөчүлөр үчүн атайын маалыматтык баракчаларды чыгарды. Анда салыктык өзгөрүүлөр боюнча бардык маалыматтар камтылганы айтылды, аны менен жарандар салык органдарынан таанышып чыгышса болот.

"Маалыматтык материалдардын максаты - салык төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасы ЕАЭБге расмий түрдө кирген учурдан тартып колдонулуучу кыйыр салыктарды башкаруудагы жаңы эрежелер жөнүндө маалымдоо. Анда кыйыр салыктар боюнча салык отчёттуулук, КНС жана акциздик салык боюнча отчётторду берүү тартиби, кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасын унаа менен кесип өтүү учурунда чек ара талонун толтуруу жөнүндө зарыл болгон түшүндүрүүлөр камтылган",- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан