Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчыга мамлекеттик чек арадагы жалпы абал тууралуу, чек араны коргоо жана кайтаруу, канаатташ жайгашкан чек араларды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Райимберди Дүйшөнбиев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бажы көзөмөлүн алып таштоого байланыштуу көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде аткарылып жаткан иштер жөнүндө да маалымат берди. Жолугушууда Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызматташуусун кеңейтүү маселелери талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти.