Кечээ, 14-август күнү өкмөт башчы Темир Сариев Нарын шаарында жүрүп жаткан ички жолдорду оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда Нарын шаарындагы С.Орозбаков, С.Андабеков жана Молдоев көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Жыл аягына чейин Ленин жана Шуллер көчөлөрү оңдолот.
Ошондой эле өкмөт башчы бүгүн Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу жана Нарын жылуулук берүү ишканасы менен таанышат.