Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Тяньцзинь шаарындагы кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчынын телеграммасында: “Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен жабырлануучуларга эртерээк сакайып кетишине тилектештигибизди билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп айтылат.