Бүгүн, 17-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды. Жолугушууда 26-27-августка белгиленген билим берүү кызматкерлеринин III Республикалык курултайына даярдыктар талкууланды.
Эльвира Сариева 17-20-августта өлкөбүздүн бардык аймактарында мугалимдердин август конференциялары өтөрүн кабарлап, Бишкекте өтчү курултайга өлкө аймактарынан 1000ден ашык мугалим жана мамлекет жетекчилери катышарын билдирди.
Темир Сариев акыркы убакытта өкмөт билим берүү тармагына көңүл бурууну күчөтүп жатканын билдирип, бул аракеттер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи: “Быйыл өлкө боюнча 66 жаңы мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. 2016-жылы 100 жаңы мектепти куруу пландалып жатат жана 100 мектептин имараты толук оңдоодон өткөрүлөт. Бул мектептер бардык заманбап шарттарга жооп берип, имарат ашкана, спорттук зал, даараткана жана ысык суу менен камсыздалат. Быйылкы окуу жылынан тарта мугалимдердин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлүп, билим берүү кызматкерлерине камкордук күчөтүлмөкчү. Мындан сырткары башталгыч класстагы 408 сааттык программа иштелип чыгып, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин зарыл нерселер менен камсыздоо жүргүзүлүүдө. Бул аракеттердин баары өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Алдыда өтчү билим берүү кызматкерлеринин III Республикалык курултайы бул жааттагы сапаттык өзгөртүүлөрдү ишке ашырууну талкуулоочу аянтча болушу керек”.
Ошондой эле Темир Сариев билим берүү жана илим министрине аталган курултайды өз деңгээлинде уюштурууну тапшырды.