Өкмөт: Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердиги боюнча жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында кечээ, 17-августта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердиги боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө Темир Сариев Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп киргенин кабарлап, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бир катар тармактар боюнча каржылоону башташы керектигин билдирди. «Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жарандарыбыздын күтүүлөрү абдан чоң. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараянынын шартында фонд өкмөт менен бирге кыска аралыкта эффективдүү иш алып барышы керек. Бул жаатта бир нече багыт боюнча коммерциялык банктар менен долбоорлорду ишке ашырса болот»,- деди Темир Сариев.

Темир Сариев фонд сентябрь айынан тарта алгачкы долбоорлорду каржылап башташы керектигин белгиледи. Мындай багыттардын катарына Темир Сариев жер-жерлерде күнөсканаларды курууну, кичи ГЭСтерди куруу жана асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо сыяктуу долбоорлорду атады. Ошондой эле ири долбоорлорду фонд каржылашы керектигин, ал эми орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорлорду коммерциялык банктар аркылуу каржылоого мүмкүн экенин кошумчалады.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметованын айтымында, азыркы мезгилге чейин фондго 940 миллион долларга бааланган 114 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен Өнүктүрүү фонду 56 миллион долбоорго бааланган 8 долбоор тандап алып, ал каржылоого даярдалып жатканын маалымдады.

Жыйын соңунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна сентябрь айында долбоорлорду каржылоону баштоо, Экономика министрлигине жер-жерлерде күнөсканаларды куруу боюнча долбоорлорду үч күн ичинде иштеп чыгуу, Айыл чарба жана мелиорация министрлигине уяң жүндүү кой тукумун өнүктүрүү боюнча бир айдын ичинде долбоор иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна каржылоосундагы долбоорлор боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан