Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн жаңы усулу талкууланды

Бүгүн, 18-августта Жогорку Кеңеште жаңыдан иштелип чыккан мыйзам долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү усулунун бет ачары болду. Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов баштаган эксперттер менен кызматкерлер катышышты. 

"Анда үч мыйзам долбооруна эксперттик корутунду берилди. Бул экспертизалар көз карандысыз эксперттер тобу тарабынан мыйзам долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү усулуна ылайык жүргүзүлгөн. Алар аппарат кызматкерлери менен бирге мыйзам долбоорлоруна чыгарылган корутундуларды талкууга алышты",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан