Индиянын президентинин аялы каза тапты

Бүгүн, 18-августта Индиянын биринчи айымы Сувра Мукержи 75 жашында каза тапты. Бул тууралуу президенттик сарайдын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, президент Пранаб Мукержинин аялы жүрөк оорусу менен ооруп, ден соолугу начарлап кеткендигинен улам өткөн жумада ооруканага жеткирилген. Бир нече убактан кийин дем алууга байланыштуу кыйынчылыктардын пайда болушу аны өлүмгө жеткирди.

Президенттин жубайы 1940-жылы 17-сентябрда Бангладеште туулган. 17 жашында ал Пранаб Мукержиге турмушка чыгып, 3 балалуу болгон. Ал адабиятка, ырдоого, сүрөт тартууга жана театрга кызыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан