Бүгүн, 18-августта Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков соттук отурумда келерки парламенттик шайлоого катышууга ниеттенбегендигин билдирди. "Күнөөм жок экенин далилдемейинче, парламенттик шайлоого катышпайм жана эч бир партиянын курамына кирбейм. Муну мен расмий түрдө жарыялайм",- деди Келдибеков.
Айта кетсек, кечээ, 17-августта Биринчи Май райондук соту Социалдык фонддогу коррупция боюнча А.Келдибековго козголгон кылмыш ишиндеги бир гана эпизодду кыскартты, башка эпизоддор боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.
А.Келдибеков "Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик социалдык фондунун төрагасы болуп турганда мамлекетке зыян алып келген" деп айыпталып, ага "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам ал 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынып, былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.