Августта жөлөк пул жана компенсациялар үчүн 570 миллион сом каралды

Кыргыз мамлекетинде августта жөлөк пулдар жана компенсациялар үчүн 570 миллион сом каралды. Социалдык өнүгүү министрлигинин билдиришинче, 425 миллион 844 миң сом мамлекеттик жөлөк пулдарга, мунун ичинде 27 миллион 293 миң сом кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарга берилди.
"Акчалай компенсация жана сөөк коюу иштерине 117 миллион сом которулду. Жалпы төлөмдөр 570 миллион 142 миң сомду түздү. Бул көрсөткүч мурунку айга салыштырмалуу 38 миллион 678 миң сомго көп. Буга кепилденген минималдуу кирешелердин көбөйүшү себеп болду. Аз камсыздалган үй-бүлөдөгү балдардын жөлөк пулу 705 сомдон 810 сомго жогорулаган. 2010-жылдан бери кепилденген минималдуу киреше эки жарым эсе: 370 сомдон 810 сомго көбөйдү",- деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан