Ош шаарынын мурунку мэри
Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого чейин акталбай калышы мүмкүн. Мындай пикирди анын жактоочусу
Чынара Жакупбекова бүгүн, 19-августта маалымат жыйынында билдирди.
"Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого чейин убакыттын тардыгынан улам сот тарабынан акталбай калышы ыктымал. Сот процессин атайын создуктуруу аракеттери жүрүп жатат. Бирок Мырзакматов убагы келгенде сөзсүз акталат",- деди жактоочу.
Эскерте кетсек, Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга кескен, 17-августта облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. М.Мырзакматов "Ата Мекен" партиясынан талапкерлердин тизмесинде 3-катарда турат.