Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда SUPER.KG порталына окурман кайрылып, “Жети-Өгүз суусу кирип, турак үйлөргө коркунуч жаратууда” деген эле. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: “Күндүн ысышынан улам тоолордогу мөңгүлөр эрип, Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Чырак айылындагы дамбанын айрым жерлерин суу алып кеткен. Бүгүнкү күнү турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жок. Жети-Өгүз суусунун нугундагы кооптуу тилкелер дайым көзөмөлгө алынууда”,- деп билдирди.