Мырзакматовдун жактоочусу анын ишин карап жаткан Ош облустук сотунун судьяларына кылмыш ишин козгоону суранууда

"Мелис Мырзакматовдун ишин карап жаткан Ош облустук сотунун судьялары Мадмаров, Абдылдаев жана Мурзабеков соттук отурумда процессуалдык нормаларды бузушту",- деди Мырзакматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова бүгүн, 19-августта өткөргөн маалымат жыйынында. Бул үчүн жактоочу аты аталгандарга прокуратура тарабынан кылмыш ишин козгоону өтүнөт. "14-августта мен Жогорку Сотко облустук соттун курамындагыларга ишенбөөчүлүк көрсөтүп кайрылгам. Бирок облустук сот 17-августта менин арызымды карабай туруп Мырзакматовдун ишин карады. Ошондуктан мен прокуратурага соттун курамындагыларга кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылам",- дейт Жакупбекова. 
Ошондой эле ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Мырзакматовдун кайда жүргөнүн айтуудан баш тартты. "Мырзакматовдун кайда жүргөнүн билсем да айтпайм. Мен анын кылмыш иши боюнча гана жооп бере алам",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан