"Кыргыз жарандары ЕАЭБдин аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат" деген норма Казакстанда иштебей жатат

Кыргыз мамлекети менен Казакстандын чек арасынан бажы көзөмөлү алынгандан кийинки абал орточо. Бишкек-Алматы багыты боюнча каттаган таксисттердин бири SUPER.KG`ге (атын атагысы келбеди) чек арадагы кезекке туруунун түйшүгүн айтат. Мурдагыга салыштырмалуу өзгөрүү бар экенин белгилеп буларга токтолду:
"Мурда эки өлкөнүн автоунаалары бири-биринин аймагына убактылуу мөөнөткө гана кирчү. Ал үчүн айдоочулар өткөрүү пунктунан атайын декларация толтурушчу. Бир же эки аптага, кээде 1 айга уруксат алчубуз. Азыр бул нерсе жоюлду, кыргыз өлкөсүнүн жараны катары унаам менен Казакстанда каалашымча жүрө алам. Өткөрүү пункттарынан кыргыз тарап бат эле өткөрүүдө. Паспортуңду бир, сени беш жолу карап казактар кыйнап жатышат. Атайын шашпай кыймылдашат, анткени унаа тыгыны жаралгандан кийин акча берип, каршылаш бош жолдон өтүүнү каалагандар чыгышат".
Таксист өлкө ЕАЭБге киргенден кийин кыргыз өлкөсүнүн жарандары (мигранттар) Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүшү керектигин, бирок дагы эле 5 күндүн ичинде каттоого туруу талап кылынып жатканын кошумчалады. 
Эскерте кетсек, ЕАЭБге кирүү келишими боюнча кыргыз өкмөтүнүн расмий түшүндүрмөсүндө:
"ЕАЭБдин аймагында Кыргыз Республикасынын жараны өлкөгө кирген датадан тартып 30 күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулат. Андан кийин мигрант түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин жарамдуулук мөөнөтүнө карата каттоого турууга тийиш. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында иштеген адам, анын үй-бүлө мүчөлөрү да өлкөнүн аймагынан каалаган мөөнөткө кете алат жана кайра кайтып келишсе болот. Ошол эле учурда ар бир кирген сайын каттоого туруу процедурасы кайталанып турууга тийиш",- деп айтылган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан