Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев кызматынан бошотулду
Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун 20-августта өкмөттүк аппараттан билдиришти. Кожошев кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазган. Ал парламенттик шайлоого партиялардын бири менен аттанууда.