2015-жылдын январь-июль айларынын аралыгында социалдык чөйрөнүн чыгымдары 31 миллиард 988,2 миллион сомду же бюджеттин жалпы чыгымдарынын 58,1 пайызын түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу социалдык чөйрөнүн чыгымдары 1 миллиард 539,5 миллион сомго өстү. Бул тууралуу 20-августта Каржы министрлигинен билдиришти.
Атап айтканда, социалдык коргоого республикалык бюджеттен 14 миллиард 290,9 миллион сом бөлүндү, бул сумма былтыркыга салыштырмалуу 992,8 миллион сомго көбүрөөк. Билим берүү секторунун чыгымдары өткөн жылдагыга салыштырмалуу 69 миллион сомго көбөйүп, 10 миллиард 640,4 миллион сомду түздү. Саламаттык сактоо тармагына 5 миллиард 746,5 миллион сом бөлүндү, бул каражат былтыркыга салыштырмалуу 260,6 миллион сомго көп. “Эс алуу, маданият жана дин” бөлүмүнө кеткен чыгымдар былтыркыга салыштырмалуу 217,1 миллион сомго көбөйүп, 1 миллиард 310,4 миллион сомду түздү.
Быйылкы жылдын такталган бюджетинде социалдык коргоого 28 миллиард сом, саламаттыкты сактоого 13,8 миллиард сом, билим берүүгө 21,3 миллиард сом, эс алуу, маданият жана динге 2,6 миллиард сом каралган.